КР экс ТИМи Украинадагы окуялар боюнча: Маселе дипломатиялык жол менен чечилишин күтүп жатабыз (видео)
Чыңгыз Айдарбеков тараптар тил табышаарына ишенет
Кыргызстандын экс-тышкы иштер министри, учурдагы депутат Чыңгыз Айдарбеков Vesti.kg сайтына Украинадагы кырдаал боюнча комментарий берди.
Ал тараптар маселени тынчтык, дипломатиялык жол менен гана чечет деп үмүттөнөт.
«Кыргызстандын атынан президент жана Тышкы иштер министрлиги буга чейин расмий билдирүүлөрдү жасаган», - деп эскерет мурдагы министр. - Биз Украинанын аймагындагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Биз бул маселенин тез арада тынчтык жана дипломатиялык жол менен гана чечилишин күтүп жатабыз. Биз тараптар бардык тараптардын кызыкчылыгында жалпы тил табышаарына абдан ишенебиз. Чыр-чатактын жүрүшүндө эки тарап тең эч качан жеңе албайт, ошондуктан ар кандай маселе тынчтык жолу менен чечилиши керек.
Элдос Казыбеков
Фото, видео Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз