Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Украинадагы окуяларга байланыштуу Кыргызстанда дары-дармек менен камсыздоодо олуттуу көйгөйлөр күтүлүүдө

Дары-дармек компаниялары тынчсызданууда, анткени Россиядан жана Украинадан келген дары-дармектердин үлүшү биздин өлкөгө импорттун 60%га жакынын түзөт

Бүгүн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жана Кыргызстандын фармацевтика биримдигинин катышуусунда өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун камсыздоо максатында тоскоолдуктарды азайтуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстандагы фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дүйнөдөгү, тактап айтканда, Орусия менен Украинадагы азыркы кризистик кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти.

Фармацевтика биримдигинин жетекчиси Эрнис Асанов белгилегендей, Кыргызстанга 30дан ашык өлкөдөн дары-дармек жана медициналык буюмдар импорттолот. Россиядан жана Украинадан келген товарлардын үлүшү өлкөгө импорттун 60%га жакынын түзөт. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен Украинада берилген бардык буйрутмалар жокко чыгарылды, ал эми жеткирүүлөрдү кайра баштоо мүмкүнчүлүгү белгисиз бойдон калууда. Ошондой эле, Россияга каршы көпчүлүк өлкөлөрдөн санкциялар киргизилип жатканын эске алып, орусиялык өндүрүүчүлөр рублдин курсунун туруксуздугуна байланыштуу товарларды ташууну белгисиз мөөнөткө токтотту. Санкциялардан улам көптөгөн европалык өндүрүүчүлөр Орусияга дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды берүүнү токтотушу мүмкүн деген кооптонуулар бар, бул сөзсүз түрдө россиялык өндүрүүчүлөрдүн экспортун токтотууга жана алардын ички рыногунун керектөөлөрүн жабууга багыттоосуна алып келет.

Ошондуктан, жогоруда айтылгандардын баарын эске алуу менен фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү дүйнөлүк фармацевтика рыногу турукташтырылганга чейин бааларды жөнгө салуу боюнча пилоттук долбоорду токтотууну, андан кийин реалдуу баанын негизинде кайра карап чыгууну сунушташты. Мындан тышкары, социалдык мааниге ээ болгон дары-дармектерди жана мыкты маркаланган медициналык буюмдарды алып кирүүгө уруксат берүүнү жана улуттук талаптарды сактоо менен дары-дармектердин таңгагын милдеттүү түрдө импорттоо талабын токтотууну суранышты.

Фармацевтикалык компаниялар бул чаралар өлкөбүздүн калкынын жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын керектүү дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга болгон керектөөлөрүн салыштырмалуу үзгүлтүксүз канааттандырууга мүмкүндүк берерин белгилешти.

Өз кезегинде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, керектүү дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын болушу, аларды үзгүлтүксүз жеткирүү биздин республика үчүн өтө маанилүү.

«Мен түзүлгөн кырдаалдын маанилүүлүгүн түшүнөм жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени изилдеп, эң туура чечим кабыл алуу үчүн колдон келгендин баарын кылууга даяр. Калктын саламаттыгына байланыштуу аларды сапаттуу жана керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу министрликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири», - деди Бейшеналиев.

Жыйындын жыйынтыгында министр тиешелүү адистерге жумушчу топ түзүп, бул маселени тез арада иштеп чыгып, сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх