Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балбак Түлөбаев Икрамовдун Токторбаев менен болгон тиреши тууралуу: Алар менин досторум, бирок мен андай жаңжалдарды колдобойм (видео)

Ал кесиптештерине баары карап турган эл өкүлдөрү экенин эскертти

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев эки кесиптеши Жеңишбек Токторбаев менен Тазабек Икрамовдун мушташы боюнча Vesti.kg сайтынын редакциясына комментарий берди.

Ал мындай кылык-жоруктарды жактырбай турганын белгиледи.

- Мен андай мушташтарды колдобойм, - деди Түлөбаев. - Биз тынчтык жана достук кырдаалда иштешибиз керек. Мен аларды жакшы билем, алар менин досторум. Өздөрүн мындай алып жүрбөсүн суранам.

Эске салсак, бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Тазабек Икрамовдун ортосунда чыр чыккан.

Токторбаев өз сөзүндө кесиптеши Адахан Мадумаровдун “Контрразведка иши жөнүндө” жана “Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзам долбоорлорун көтөрүп жатат деп айыптаган сөздөрүн эске салды.

«Комитет бул мыйзам долбоорлорун карап чыгып, палатанын кароосуна киргизди. Адахан Мадумаров мени бул документтерди тапшырды деп айыптай баштады”, - деп айтканга үлгүргөн Токторбаев, андан кийин спикер Талант Мамытов микрофонду өчүрүп салды.

Бирок бир канча убакыттан кийин Токторбаев сөзүн улантты.

«Адахан мырза, кой терисин жамынган карышкырдын кейпиндесиң» деп спикер кайрадан Токторбаевдин микрофонун өчүрүп, кесиптештеринен күн тартибине ылайык сөз сүйлөшүн өтүндү.

Өз кезегинде Токторбаев нааразылыгын билдирип кыйкыра баштады. Жанында жүргөн Тазабек Икрамов ашыкча эмоцияга алдырбоосун суранып, ага Токторбаев: «Оозуңду жап. Эшикке чыгып сүйлөшөбүз”. Икрамов чечкиндүү түрдө ордунан туруп, атаандашына жакындагысы келген, бирок депутаттар убагында тынчып калышты.

Элдос Казыбеков
Фото, видео Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх