Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын жетекчиси прокурордун текшерүүсүнөн кийин кызматынан бошотулду

Башкы дарыгер адам өлтүрүүгө айыпталган психикалык жактан жабыркаган адам боюнча сотко мыйзамсыз сунуш берди

Башкы прокуратура Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык оорукананын ишмердүүлүгүн текшерүүгө алды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө оорукананын башчысы Г.М. адам өлтүрүүгө айыпталган психикалык оорулууга карата соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен сот органдарына мыйзамсыз сунуштама берген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигине башкы дарыгер Г.М.га карата катуу дисциплинардык чараларды көрүү сунушун киргизди.

Башкы врач Г.М. ээлеген кызматынан бошотулду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх