Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балбак Түлөбаев Украинадагы окуялар боюнча: Согуш токтотулушу керек (видео)

Депутат Орусия менен Украина Кыргызстан үчүн жакын экенине ишенет

Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Украинадагы согуштук аракеттер боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, согуш токтоп, тынчтык келиши керек.

"Украинадагы согушту токтотуу керек", - дейт Түлөбаев. «Адамдардын өлүмү абдан жаман. Мен согушту жактаган адам эмесмин. Орусия дагы, Украина дагы Кыргызстанга жакын. Бир нече жыл мурун Владимир Путин Германияда сүйлөп, эң негизгиси согуштук аракеттерге жол бербөө экенин айткан.


Андан тышкары, парламентарий Украинанын элчилерин чакыртып алуу чечимине комментарий берүүдөн баш тартты.

"Бул алардын эгемендүү иши" деп жооп берди ал.

Элдос Казыбеков
Фото, видео Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх