Түрк инвестору Кара-Балта шаарына текстиль фабрикасын курууну көздөп жатат
Өндүрүш 2027-жылы башталышы керек
Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев Кара-Балта шаарында текстиль фабрикасын куруп жаткан «Декна Бишкек Текстиль» ишканасынын өкүлү Йылмаз Алдуз менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргызстанга инвестиция тартуу жана өндүрүштү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар ошондой эле текстиль фабрикасынын долбоорун талкуулашты.
Нурланбек Азыгалиев Кыргыз-Түрк Соода-өнөр жай палатасынын форумунун төрагасы катары эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, текстиль фабрикасын ачууну колдоорун билдирди.
«Мындай ишканалардын ачылышы өлкөдөгү жумушсуздуктун азайышына жана аймактардын өнүгүшүнө шарт түзөт. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы башка инвесторлорду Кыргыз Республикасына инвестициялоого түрткү берет. Андыктан заводдун ишине ар тараптуу жардам көрсөтүп, колдоо көрсөтүүбүз керек», - деди ал.
Маалым болгондой, курулушу өткөн жылы башталган текстиль фабрикасы жалпы аянты 93 миң чарчы метрди түзөт. Учурда 10 миллион доллар сарпталса, 2025-жылга чейин биринчи этапта 22 миллион доллар сарптоо пландалууда. Долбоордун жалпы баасы 27 миллион долларга бааланган. Ишканада алгач 400гө жакын адам иш менен камсыз болуп, күнүнө 20 тоннага жакын жип жана кездеме чыгарылат. 2027-жылга карата курулуш аяктагандан кийин завод 1200гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылып, өндүрүш көлөмү суткасына 100 тонна продукцияга чейин көбөйтүлөт. Ошондой эле жумушчулардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөрү болжолдонууда.
Мындан тышкары өндүрүлгөн продукциянын 85 пайызга жакынын коңшу өлкөлөргө жана Европага экспорттоо пландалууда.
Компаниянын өкүлү Йылмаз Алдуз белгилегендей, көптөгөн чет элдик ишкерлер жаңы заводдун курулушуна көз салып, инвестиция салууга кызыкдар.
«Мындан тышкары, биз Кыргызстанда сырье чыгарып, пахта өстүрүүнү көздөп жатабыз», - деген депутатка ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Нурланбек Азыгалиев буга чейин заводдун курулушу менен таанышып, инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча жергиликтүү бийлик жана шаардык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Сүрөт www