Кыргызстанда пенсияны 200-500 сомго көтөрүү пландалууда
Бахтияр Алиев пенсияны жогорулатууга 700 миллион сомго жакын каражат бөлүү сунушталганын айтты
Кыргызстанда пенсияны 200-500 сомго көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.
Депутат Эмил Токтошев кыргызстандыктардын пенсиясы качан жана канча көтөрүлөөрүнө кызыкты.
«Азыр өлкөнүн экономикалык абалы оор, баары кымбаттап баратат», - деп билдирди эл өкүлү Социалдык фонддун жетекчисине кайрылып. - Пенсия көтөрүлөт деп айттыңыз. Адамдар кантип жана качан билиши керек.
Алиев өз кезегинде быйыл пенсияны жогорулатууга 700 миллион сомго жакын каражат бөлүү сунушталганын билдирди.
«Быйылкы жылы пенсияны көтөрүүгө 700 миллион сом эсептеп, бул сунушту министрлер кабинетине киргиздик», - деди чиновник. - Сунуш каралууда. Орто эсеп менен пенсия 200-500 сомго көтөрүлөт. Так сандар июнь айында белгилүү болот.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www