Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балбак Түлөбаев кыргызстандыктарга тойго акча эмес, алтын берүүнү сунуштады

Эл өкүлү муну менен бирге казына дагы толукталарын белгиледи

ЖК депутаты Балбак Түлөбаев тойго белектин ордуна алтын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

"Баары бир той ашка кошумча кошобуз. Түрктөрдө ушундай салт бар, тойлорго кошумча алтын алып барышат. Мына бизде да ушундай шарт түзүлдү. Экономикага да пайда болот, казынага акча түшөт. 1 грамдан, 100 грамга чейин чөнтөккө жараша биз деле ушуга өтсөк болот эле. Баардык банктардан сатып алганга шарт түзүү керек. Алтын ар дайым баа», - деди ал.


Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров кыргыз элине каатчылык маалында акчасын алтын менен сактап калууну сунуштап, “алтын өз баасын жоготпойт” деп айткан. Эртеси өлкө башчы анын сунушунан кийин Улуттук банктан алтын сатып алуу үчүн кезекке тургандардын саны көбөйгөнүн белгиледи.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх