Жогорку Кеңеште Украинадагы кырдаал боюнча жабык жыйын өтүүдө
Министрлер кабинети түзүлгөн кырдаалга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат берет
Бүгүн Жогорку Кеңеш Украинадагы кырдаалды жана анын Кыргызстанга тийгизген таасирин карайт.
Министрлер кабинети Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат берет.
Белгилей кетсек, парламентарийлер жыйынды күн тартибиндеги курч темага байланыштуу жабык эшик артында өткөрүүнү сунушташты.
Бул сунушту 62 депутат колдоду.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз