Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү
Маанилүү окуяга карата Ала-Тоо аянтында Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу маршы өттү
Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Президент Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, андан соң кароолчулар мамлекеттик тууну флагштоктун алдына алып барышты.
Кыргыз Республикасынын гимни аткарылып жаткан учурда мамлекеттик желеги көтөрүлдү.
Андан ары мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун биринин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Маанилүү окуяга карата Ала-Тоо аянтында Куралдуу Күчтөрдүн Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу маршы өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баштаган үч бийлик бутагынын өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү катышты. Министрлер, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, легендарлуу парламенттин депутаттары, Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун авторлору, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, маданият ишмерлери, жаштар жана башкалар катышты.
Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www