КРнын Куралдуу Күчтөрү учурда чет өлкөлөрдөгү аскердик операцияларга катышууну пландаштырбайт
Коргоо министрлиги кыргызстандык аскерлерди Украинага жөнөтүү тууралуу кептерди четке какты
Кыргызстандын бардык аскер бөлүктөрү өлкөнүн ичинде жайгашкан. Аларды мамлекеттик чек арадан тышкары колдонуу планда жок.
Ошону менен бирге, КР Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн азыркы учурда чет мамлекеттердеги ар кандай аскердик операцияларга катышуусу тууралуу ар кандай божомолдорду жокко чыгарат.
Жарандарды расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүнү суранабыз.
КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз