Садыр Жапаров Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышат
Мелдешке Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын командалары катышат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Бишкек шаарында өтө турган 2022-жылда IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышат.
Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу астында өтүп жаткан бул спорттук мелдеште Кыргыз Республикасы, Кувейт мамлекети, Малайзия, Сингапур жана Иран Ислам Республикасынын командалары күч сынашат.
Турнирге ошондой эле IIHF президенти Люк Тардиф келет.
Салтанаттуу азем КТРК түз эфиринде чагылдырылат.
Башталышы - 19:25.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз