Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Парламенттин жыйыны эмне үчүн жабык өткөнүн да түшүнгөн жокмун

Депутат жыйындын жыйынтыгында антикризистик чаралар боюнча токтом кабыл ала аларын белгиледи

Депутат Дастан Бекешев Vesti.kg сайтынын парламенттик кабарчысына Жогорку Кеңештин жыйынында жабык эшик артында өзгөчө эмнелер талкууланып жатканын айтып берди.

Эл өкүлү бул жыйынды жабык өткөрүүнүн зарылчылыгы жок болчу деп эсептейт.

«Учурда өлкөдөгү экономикалык жана саясий кырдаал талкууланып жатат, ошондой эле Украинада болуп жаткан окуялар биздин мамлекетке кандай таасир этээри такталууда», - деди ал. - Негизи эч кандай сыр деле жок. Эмнеге жыйынды жапканыбызды түшүнгөн жокмун.

Бекешев ошондой эле жыйындын жыйынтыгында антикризистик чаралар боюнча токтом кабыл алынышы мүмкүн экенин белгиледи.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх