Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча: Акыркы чечим меники (видео)
Бул маселе боюнча эл өкүлү бир тууган агасы Камчыбек Ташиев менен кеңешип жатат
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысынын бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин мандатын тапшыруу боюнча акыркы чечим анын өзүнө гана тиешелүү экенин журналисттерге билдирди.
Ал “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы анын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу маселесин гана карап жатканын, бирок чечим кабыл албай жатканын баса белгиледи.
- Фракция менин кайрылуумду карады, - деди Ташиев. - Акыркы чечим меники. Бул маселе боюнча Камчыбек Ташиев менен кеңешип жатабыз. Акыркы чечимди угасыңар.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз