Германиянын Кыргызстандагы элчиси Жалал-Абаддагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө барды
Габриэла Геллил өзгөчө кырдаалдар бөлүмү мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн алкагында курулганын белгиледи
Германиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Габриэла Геллил Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков менен биргеликте Жалал-Абад шаарындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул бөлүмдүн курулушу 2017-жылы башталып, 2020-жылы пайдаланууга берилген. Филиалдын курулушуна 1,7 миллион евро жумшалып, объект Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.
Габриэла Геллил мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн алкагында тез жардам бөлүмүн куруу чечими кабыл алынганын белгиледи. Жалал-Абад облусу аймактагы калктын көптүгүн эске алуу менен тандалып алынган. Мындан тышкары, элчи бул бөлүм калктын саламаттыгын сактоого чоң салым кошоорун кошумчалады.
Эки кабаттуу имарат медициналык жабдуулар менен толук камсыздалган. Дарыгерлер атайын окуудан өтүштү. Бөлүмдө сегиз керебет жана эки операциялык бөлмө бар. Бул Кыргызстандагы биринчи заманбап тез жардам бөлүмү. Облустук оорукана жыл сайын 27 миңден ашык бейтапты тейлейт.
Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы
Сүрөт Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы