Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Турсунбек Акун Атыр Абдрахматованын дайындалышы боюнча: Ал укук коргоочу эмес, байларды гана коргойт

Анткен менен экс-акыйкатчы Акыйкатчы аппаратынын жаңы жетекчисинин ишине ийгилик каалады

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Vesti.kg сайтына Атыр Абдрахматованын Кыргызстандагы башкы укук коргоочу болуп дайындалышы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, Абдрахматова укук коргоочу эмес, «байлардын кызыкчылыгы үчүн иштеген» «энпэошница».

- Эгерде мен аны чыныгы укук коргоочу деп эсептесем, анда өз талапкерлигимди койбойт элем, - дейт Акун. - Ал  Борбордук шайлоо комиссиясында иштеген. Ал БШКнын мүчөсү болуп иштеп турганда өзүн татыксыз алып жүргөн, өзгөчө 2017-жылы. Ал өзүнүн шефи Өмүрбек Бабанов шайлоого катышканда аны коргогон. Абдрахматова менден айырмаланып, байлардын кызыкчылыгы үчүн иштейт. 15 жылдан бери айлык ала элекмин.

Абдрахматованын жакшы жактарын санап, экс-акыйкатчы анын чечкиндүүлүгүн жана сабаттуулугун белгиледи. Ал аны “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров колдоду деп эсептейт.

- Албетте, анын чечкиндүүлүк, өз оюн так айта билүү сыяктуу жакшы жактары бар, - дейт Акун. Ал жакшырта алат. Мен улгайган адам катары комментарий берем. Таарынганга болбойт. Өтпөй калганыма капа эмесмин. Мен ага бардык жакшылыктарды каалайм. Абдрахматованы айлакер Адахан Мадумаров колдоп, анын колдоосуна ишенген окшойт.

Эске салсак, ушул жылдын 2-мартында акыйкатчы кызматына биринчи жолу аял – активист, юрист, БШКнын экс-мүчөсү Атыр Абдрахматова шайланган.

Анын талапкерлигине 50 парламентарий добуш берди. Турсунбек Акун 2 гана добуш, Мамат Момунов 9, Бакыт Узенбаев 13 добуш алган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх