Бүгүн хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Сингапурдун командасы менен беттешет
Буга чейинки беттеште биздин спортчулар Малайзия курама командасын 22:1 эсебинде утуп алышкан
Бүгүн Бишкектеги шаардык муз тебүүчү аянтчада хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын IV дивизионунун алкагында дагы бир беттеш өтөт.
Бул жолу Кыргыз Республикасынын курамасы муз аренасында Сингапурдун командасы менен беттешет.
Өткөн аптада, 5-мартта биздин спортчулар Малайзия курама командасына эч кандай мүмкүнчүлүк калтырышкан жок. Жыйынтыктоочу эсеп 22:1 Кыргызстандын пайдасына кетти.
Ал арада КР Шайбалуу хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Мурат Жакыпов Vesti.kg сайтына биздин хоккейчилер мыкты ойноп, машыктыруучулар тапшырманы «жүз пайыз» аткарганын айтты.
— Биздин курама команда мыкты ойноду, — дейт Жакыпов. - Алар өз ишин аткарышты. Машыктыруучулар тапшырманы жүз пайыз аткарышты. Бүгүн Сингапур менен оюн болот, менимче баары жакшы болот. Алардын маанайы күрөштө. Биз жеңишке гана ишенебиз.
Эске салсак, турнирге Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын командалары катышууда.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www