Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокуратура Баткен шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартты

Подрядчик кабыл албаганы  менен 2 млн 964 миң 700 сомго арык менен тротуар курууну тиешелүү органдар ишке кабыл алышкан

Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү тротуардын бүтпөй калган курулушун мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Алсак, 2019-жылы Баткен шаардык мэриясынын жооптуу адамдары тарабынан подрядчы «Ч.С» ЖЧКсынан 2 млн 964 миң 700 сомго арык менен тротуар куруу иштери пайдаланууга берилген.

Бирок, иликтөө иштеринин жүрүшүндө подрядчы тарабынан жергиликтүү сметада каралган 1 млн 917 миң 443 сомдук тротуардын курулуш иштери (асфальт төшөлгөн эмес) бүткөрүлбөгөнү аныкталып, тергөө амалдарынын жыйынтыгында , толук төлөнүп берилди.

Тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх