Бакай-Ата районундагы мыйзамсыз ээликтен ажыратылган 7 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Бардык сот инстанцияларында прокуратуранын доо арызы канааттандырылган
Талас облусунун Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан Жер кодексинин талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
1999-жылы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын чечими менен Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү 2,59 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталып, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин райондук бөлүмүнө укук белгилөөчү документти чыгарды.
Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Мыйзамсыз ээликтен ажыратылган жер тилкесин мамлекетке кайтарып алуу үчүн көзөмөл органы тарабынан сотко доо арыз берилип, ал бардык сот инстанцияларында канааттандырылган.
Прокурордук жооп актысынын негизинде көрсөтүлгөн 7 млн 770 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www