Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев Мамлекеттик катчынын билим жана маданият боюнча орун басары менен жолугушту

Жолугушууда тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун деңгээли тууралуу пикир алышты

Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев Мамлекеттик катчынын орун басары, Мамлекеттик департаменттин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросунун жетекчиси Л.Саттерфилд айым баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.



Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар АКШ менен Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыгынын деңгээли боюнча пикир алмашып, ошондой эле келечектеги кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Жолугушууда америкалык тарап акыркы жылдарда америкалык тарап ишке ашырып жаткан түрдүү программалар тууралуу маалымат берди.

Элчи Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалар, Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыттары жана муктаждыктары тууралуу кеңири айтып берди.​

Бактыбек Аманбаев андан ары билим берүү системасын өркүндөтүү ар бир өлкөнүн маанилүү приоритеттеринин бири экенин баса белгилеп, Fulbright, FLEX өңдүү билим берүү тармагындагы түрдүү программалар боюнча Кыргыз Республикасына бөлүнгөн орундардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.Ошондой эле жаңы долбоорлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.



АКШ билим берүү тармагындагы сунушталып жаткан долбоорлорду колдоорун билдирип, мындан ары эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө үчүн биргелешип иштөөнү макулдашты.

Маалымат үчүн

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросу Америка Кошмо Штаттарынын тышкы саясатынын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон башка өлкөлөр менен өз ара түшүнүшүүнү түзүүчү жана колдогон билим берүү, кесиптик жана маданий алмашууларды жана башка программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт ТИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх