Депутат Надира Нарматова алимент боюнча карызы бар эркектерди чет өлкөгө чыгарбоону сунуштады
Парламентарий байкуш аялдар колунда балдары менен калып, күйөөлөрү чет өлкөгө иштеп, жаңы жашоо баштаганы тынчсызданууда
Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Надира Нарматова чет өлкөгө иштегени кеткен эркектерге сот аткаруучулардан алимент боюнча карызы жок деген справкасын көрсөтүү милдетин киргизүүнү сунуштады.
«Эркектер балдарды тарбиялоо жоопкерчилигин толук мойнуна алышпайт», - дейт Нарматова. «Байкуш аялдар колунда балдары менен калып, эркектер чет өлкөгө иштеп, жаңы жашоо башташат. Талапты киргизүү зарыл – чет өлкөгө чыгуунун алдында жарандын алимент боюнча карызы жок экендиги тууралуу сот аткаруучудан маалымкат берүү зарыл.
Ислам Жолдошов
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз