Дин иштер башкармалыгы салтанаттуу иш-чараларда мал союуга тыюу салган фатва чыгарган
Муфтият Садыр Жапаровдун жарлыгын элге таратат
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы салтанаттуу иш-чараларда мал союуга тыюу салган фатва (тыюу) чыгарды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына муфтияттан тастыкташты.
Бүгүн дин кызматкерлери Чүй облусунда жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровдун мал союуга тыюу салуу боюнча жарлыгын элге түшүндүрүп баштоону чечти.
Эске салсак, Садыр Жапаров 24-февралда үй-бүлөлүк мааракеге жана маркумду акыркы сапарга узатуу үчүн мал союуга тыюу салган жарлыкка кол койгон.
«Сөөк коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөт, маараке ж.б.у.с ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларга адамдар негизсиз чыгымга учурашууда. Үй-бүлөлүк, юбилейлик жана эскерүү иш-чараларынын жүрүшүндө жана андан кийин улуттук каада-салттарга жана адеп-ахлак нормаларына каршы келген ырым-жырымдарга жол берилет. Мунун баары коомго жат жана деструктивдүү идеялардын жана баалуулуктардын системасынын отургузулушуна алып келет, анын ичинде өзүмчүлдүк, жол берүүчүлүк, адеп-ахлаксыздык культу бар», - деди Жапаров.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www