Данияр Амангелдиев: Орусиядагы эмгек мигранттарыбыздын массалык түрдө кайтып келүүсү тууралуу айтуу али эрте
КР Экономика министри россиялык коомдук тамактануу тармагындагы чет элдик компаниялардын үлүшү 10%дан көп эмес экенин белгиледи
Депутат Динара Ашимова Экономика жана Эмгек министрликтеринин жетекчилеринен мекендештер Орусиядан кайтып келе баштаган учурда кандай антикризистик чаралар көрүлүп жатканын сурады.
«Чет элдик компаниялар Орусиядагы ишмердүүлүгүн кыскартып жатышат», - деп эскертти Ашимова. «Биздин эмгек мигранттары негизинен тейлөө тармагында иштешет. Жыл сайын мектеп бүтүрүүчүлөрү Орусияга иштегени кетишчү. Алар өлкөдө калышат, коңшу өлкөлөрдөн келген мекендештер да кайтып келишет. Министрликтер эмне кылып жатышат?
Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев Евробиримдиктин өлкөлөрү менен Кыргызстанга визалык лоялдуулук берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
«Чет элдик компаниялар, мисалы, KFC же McDonalds россиялык рыноктун 10%дан ашпаганын ээлейт», - деди Амангелдиев. - Демек, эмгек мигранттарыбыздын массалык түрдө кайтып келүүлөрү тууралуу айтуу эртелик кылат. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандыктар Еврозонада жумушка орношсун деп Европа өлкөлөрү тарабынан Кыргызстанга визалык лоялдуулук берүү боюнча иш алып барууда. Кошумчалай кетсек, Түркия жана Түштүк Кореяда иштер жүрүп жатат.
Ислам Жолдошов
сүрөт www