Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы жаңжал боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзөт
Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү күчтөрдү, техникаларды туруктуу жайгаштыруу пункттарына алып келүүнү макулдашты
Бүгүн Баткен районунун Паскы-Арык тилкесинде Кыргызстандын Баткен облусу боюнча жана Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
Ар бир тарап 2022-жылдын 10-мартында болгон куралдуу окуя боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзөт. Тергөөнүн алдын ала жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин 2022-жылдын 12-мартына белгиленген жолугушуусунда чыгарылат;
- Тараптардын ар бири чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин улантат. Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери чыр-чатактарды жана алардын күчөшүнө жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрө башташты.
Маалым болгондой, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы аскер кызматкерлеринин жүрүм-турум чегин сактоо маселелери да каралды.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү окуя болгон жерге тартылган күчтөрдү, каражаттарды техникаларды туруктуу жайгаштыруу пункттарына кайтып келүүнү макулдашты.
Саат 16:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www