Кыргызстанда 1 миллиард сом болгон уставдык капиталы менен туризмди өнүктүрүү фонду түзүлөт
Мындай чечимди министрлер кабинети кезектеги отурумунда кабыл алды
Кыргызстанда уставдык капиталы 1 миллиард сом болгон Туризмди өнүктүрүү фонду түзүлөт. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин кезектеги отурумунда ондон ашык маселе каралды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө чечимдер бекитилди.
Жыйындын жүрүшүндө туризмди өнүктүрүү фондун түзүү чечими кабыл алынды.
КРнын Министрлер Кабинетинин басма сез кызматы
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз