Санкт-Петербургда кыргызстандык окуучу кызды кичи автобуста сүзүп кетти
Жабырлануучу балдар ооруканасына орточо оор абалда түшкөн
Санкт-Петербургда кыргызстандык окуучу кызды кичи автобуста сүзүп кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Белгиленгендей, жол кырсыгы уюштурулган жөө адамдар өтүүчү зонанын сыртында болгон
14 жаштагы кыз оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
«Жабырлануучу сол жамбашынын ачык сыныгы, оң бутунун жабык сыныгы менен орточо оор абалда №19 шаардык балдар ооруканасына жаткырылды», - деп билдирди ЖМК булагы.
Белгиленгендей, ПАЗик үлгүсүндөгү унааны 51 жаштагы Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан, ал коммерциялык багытта бара жаткан. Жол кайгуул кызматынын маалыматына караганда, акыркы бир жылда ал дээрлик эреже бузган эмес, коопсуздук курун тагынбаганы үчүн жалгыз протокол түзүлгөн.
Жол кайгуул кызматы кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатат.
фото www