Аянтка ат менен барган Ош облустук ИИБнын экс-жетекчиси Абдылда Капаров кармалып, РИИБге жеткирилди (фото)
Мурдагы милиционер Путиндин сүрөтү жана "Биз сени мененбиз" деген жазуусу бар плакат кармап турган
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров атчан Бишкектин Эски аянтына барган. Ошентип ал Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоо митингине чыкты. Мурдагы милиционердин колунда орус лидеринин сүрөтү түшүрүлгөн жана “Биз сени мененбиз” деген жазуу бар плакат болгон.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, акырында Капаров милициянын кайгуул-күзөт кызматы тарабынан кармалган. Ал Биринчи Май РИИБине жеткирилген.
Милиция кызматкерлери аны менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кое беришкен.
ИИМдин маалымат кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз