Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Касымалиева БУУнун башкы катчысынын орун басары Владимир Воронков менен жолугушту

Тараптар аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

11-мартта Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков менен жолугушту.

Тараптар региондогу терроризмге жана экстремизмге каршы алдын алуу чараларын кабыл алууга көмөктөшүүчү БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Борбордук Азия боюнча жаңыланган биргелешкен аракеттер планынын кабыл алынганын канааттануу менен белгилешти.

Аида Касымалиева белгилегендей, Кыргызстан Бишкек шаарында жайгашкан БУУнун Борбордук Азиядагы аймактык координаторунун ишин жогору баалайт, ушуга байланыштуу БУУнун терроризмге каршы башкармалыгынын өкүлүнүн аймакта мындан ары да болушун камсыздоо маанилүү деп эсептейт.

Мындан тышкары тараптар аймактык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх