Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузак районунда бала бакчанын башчысы жасалма түрдө кызматкерлерди жумушка алып, айлыктарын алып жүргөн

Ишкер жаран мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Иш козголду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлдү Сузак районунун Барпин айыл өкмөтүндө жайгашкан «Элхан» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин мурдагы жетекчиси, Г.Б аттуу жаран кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2015-жылдан баштап эмгек акысын алышкан. Натыйжада мамлекетке 1 миллион 170 миң 200 сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх