Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Орусия элчилигинин жанында митингге чыккандар милицияга жеткирилди (фото)

Соттун тыюу салганына карабай РФнын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн имаратынын жанында митинг өттү

Бүгүн укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Украинаны колдоо иретинде Орусия элчилигинин имаратынын алдына митингге чыгышты.

Милиция кызматкерлери Орусиянын КРдагы элчилигинин жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынганын жарандарга эскертип, тарап кетүүнү суранышты.

Укук коргоочу ага тиешелүү жазуу жүзүндө эскертүү берүүнү талап кылды. Укук коргоо кызматкерлери Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимине шилтеме жасап жатканын белгилешти.

Андан соң митингчилерди сүйлөшүү үчүн Биринчи Май РИИБге алып барышты.


Эске салсак, буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Орусия элчилигинин жанында ар кандай митингдерди өткөрүүгө тыюу салган. Убактылуу тыюу 11-мартта киргизилген жана 11-апрелге чейин созулат.

Фото vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх