Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев Аксы окуясынын катышуучуларына баатыр наамын берүүнү сунуштоодо

Эл өкүлү Аксы окуясына апрель окуясындай баа берүү керек деген ишенимде

Депутат Бакыт Төрөбаев Аксы окуясынын катышуучуларына баатыр наамын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында билдирди.

Парламентарий мындай сунушту буга чейин да айтканын эске салды.

«Бүгүн Аксы окуясына 20 жыл толду», - деди Төрөбаев. - Ошол окуяларда 7 адам каза болуп, 33 адам жаракат алган. Аксы баатырлары жанын берип, эркиндик, адилеттик үчүн күрөшкө даяр экендиктерин көрсөтүштү. Аксы окуясынын катышуучуларына баатыр наамдарын берүүнү мен 2014-жылы эле сунуштагам. Аксы окуясына апрель окуясындай эле баа берилиши керек. Ошондуктан тизмедеги адамдарга “Аксы окуясынын баатыры” наамын берүүнү сунуштайм.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх