­
Марлен Маматалиев бааны негизсиз көтөргөн ишкерлерге айып пул салууну сунуштоодо - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марлен Маматалиев бааны негизсиз көтөргөн ишкерлерге айып пул салууну сунуштоодо

Парламентарий айып пулдун көлөмү 100 миң сомго чейин жетет деп эсептейт

Депутат Марлен Маматалиев базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулаткан ишкерлерге айып пул салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Эл өкүлү жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом айып пул салуу керек деп эсептейт.

«Бүгүнкү күндө өлкөнүн азыркы мыйзамдарында бааны негизсиз көтөргөн ишкерлер менен эффективдүү күрөшүүгө мүмкүндүк бере турган конкреттүү норма жок», — деп жазган эл өкүлү документке негиздеме катында. - Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мындай абийирсиз ишкерлерге эффективдүү жооп берип, таасир бере албайт. Ушуга байланыштуу, калктын кызыкчылыгын коргоо жана коомдук товарларды адилет бөлүштүрүү максатында бул мыйзам долбооруна социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулаткан ишкерлерди жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берүүчү ченемди киргизүү жана алар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх