Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы алтын кендеринде болду
Өкмөт башчы Иштамберди кенин иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан бир катар алтын кендеринде болду.
Иштамберди кенин иштетип жаткан «Фул Голд Майнинг Компани» жабык акционердик коомунун учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү пландары менен таанышты.
«Фулл Голд Майнинг Компанинин» маалыматы боюнча, ишканада иштегендердин 91% жергиликтүү тургундар. Кабинеттин башчысы ишкананын жетекчилери менен болгон сүйлөшүүсүндө жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле ишканада технологиялык процесстерди жакшыртуу зарыл экендигин белгиледи.
Андан соң Жапаров «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы алтын казып жаткан Терек-Сай кенине барды.
Учурда тесттик режимде иштеп жаткан алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын ишмердүүлүгү менен таанышып, калдыктарды кароодон өттү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы ишканада техникалык жана экологиялык нормаларды сактоо, ошондой эле жергиликтүү калк менен байланыш түзүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www