Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында эл аралык тамак-аштын сапаты жана коопсуздук стандарттары боюнча окуулар өттү

Алар мамлекеттик кызматкерлер жана агроөнөр жай комплексинин өкүлдөрү үчүн уюштурулган

Кыргызстанда айыл чарба азыктарынын эл аралык азык-түлүк коопсуздугунун стандарттарына шайкеш келүүсү маселеси курч турат.​

Ош шаарында мамлекеттик кызматкерлердин, ошондой эле агроөнөр жай комплексинин жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу максатында Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында Ош шаарында тренингдер өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.



Тренингдер «Эл аралык сапат жана азык-түлүк коопсуздугунун стандарттарына ылайык тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо» жана «Айыл чарба өндүрүшүнүн коопсуздугун эл аралык стандарттарга ылайык камсыздоо» деген темаларда өткөрүлдү.



Аларга мамлекеттик кызматкерлер, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, түштүк борбордун мэриясынын, райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кайра иштетүү ишканаларынын кызматкерлери, ошондой эле айыл чарба өндүрүшчүлөрү катышты.


Катышуучулар эл аралык сапат стандарттарына ылайык тамак-аш коопсуздугу жаатында билим алышты.

Келечекте жогоруда аталган структуралардын кызматкерлери алган билимдерин агроөнөр жай комплексинде айыл чарба өндүрүшүн жана кайра иштетүү тармагында пайда болгон маселелерди чечүүдө колдоно алышат.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх