Жеңишбек Байгутиев: Батыштын Орусияга каршы санкциялары Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттырышы мүмкүн
КР мурдагы экономика министри Орусиядан азыр бизге ишкерлер келип жатканын, бул кыргыз бизнесинин өнүгүшүнө чоң жардам экенин белгиледи
Батыштын Орусияга каршы санкциялары Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Бирок тышкы факторлор менен байланышкан кыйынчылыктар экономикалык өсүш үчүн өбөлгөлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Ошентип, мурдагы экономика министри Жеңишбек Байгутиев Vesti.kg сайтына берген маегинде Кыргызстан туура чечим кабыл алуу менен пайдалана ала турган мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар тууралуу айтып берди.
«Батыш дүйнөсүнүн санкциялары Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн жакшы өбөлгөлөрдү түзүүдө», - деп эсептейт Жеңишбек Сейитбекович. - Биринчиден, россиялык товарлардын рыногу төмөндөйт, демек алардын баасы да төмөндөйт. Алардан тамак-аш, жыгач, металл буюмдарын, нефть, газ жана башкаларды сатып алабыз. Бизге чийки зат саткан жалгыз өлкө Орусия. Калгандарынын бардыгы кошумча нарк менен даяр продукцияларды сатышат.
Ал арада мурдагы экономика министри Орусия менен түзүлгөн транспорттук логистика оң натыйжа берет деп эсептейт.
«Бизге азыр Орусиядан ишкерлер келип жатат», - деп белгиледи Байгутиев. - Мен ишенем, алардын көбү транзит менен андан ары кетет, бирок айрымдары кала берет. Ал эми бул кыргыз бизнесинин өнүгүшүнө чоң жардам. Башка өлкөлөргө кеткендер дагы биздин республика аркылуу иштөөгө аракет кылышат. Анткени бизде Орусия менен жакшы жолго коюлган транспорттук логистика бар жана биз санкцияларга кабылган жокпуз.
Мындан тышкары, эксперт Кытай расмий Москваны мындан ары да колдоорун жана бул транспорттук хаб болууга мүмкүнчүлүк түзөөрүнө ишенет.
«Орусиядан Кытайга жана артка келкен товарлар Кыргызстан аркылуу өтө алат», - деп баса белгиледи Экономика министрлигинин экс-жетекчиси. — Ооба, кээде Казакстан чек арадан жүк ташууда бизге кыйынчылыктарды жаратат. Бирок Кыргызстанда аларга кысым көрсөтүү рычагы – суу болгон жана азыр да бар. Жана биз муну колдонушубуз керек. Ырас, алар менен үч жылга жагымсыз келишим түзгөнбүз.
Анткен менен Байгутиевдин болжолунда, санкциялар Орусия Федерациясынан келген эмгек мигранттарынын Кыргызстанга которгон акчаларынын көлөмүн азайтат.
«Санкциялардан улам жумуш орундарынын кыскарышы Орусиядан акча которуулардын көлөмүн азайтат», - дейт ал. — Кыргызстан муну экспорттун үлүшүн көбөйтүү менен толуктай алат. Көптөгөн батыш компаниялары орус базарларындагы ишмердүүлүгүн кыскартууда. Бул уяны биздин продукцияларыбыз менен толтуруу үчүн чара көрүшүбүз керек. Бул рынокто иштеп жаткан Кыргызстандын жеңил өнөр жайына колдоо көрсөтүп, өндүрүштүн башка тармактарын өнүктүрүү зарыл.
Мындан тышкары, Жеңишбек Сейитбекович өлкөнүн материалдык резервдерин өздүк өндүрүүчүгө басым жасоо менен түзүүнү сунуштайт.
"Көптөгөн адамдар канттан улам пайда болгон ызы-чуу тууралуу билишет", - деп эскерет эксперт. - Кант маселеси. Ал эми буудайдын запасы менен бул маселени олуттуу иштеп чыгуу керек. Министрлер кабинети Россиядан 300-450 миң тонна буудайды алып келүүгө квота сурап жатканына караганда, бул багытта белгилүү бир кыйынчылыктар бар деп эсептеш керек.
Эксперт министрлер кабинетин ЖКдан чыккан популисттер жетектебеши керек деп эсептейт.
«Улуттук банктын акча-кредиттик саясатына келсек, алар азырынча туура кадамдарды жасап жатышат», - деди Байгуттиев. - Министрлер кабинети тезирээк чечимдерди кабыл алышы керек жана айрым учурда Жогорку Кеңештин трибунасында угулган популисттик идеялардын жетегинде кетпеши керек.
Ислам Жолдошов
фото www