Бишкектин мурдагы “бир күндүк” мэри Эрмек Нургазиев СИЗО-1ге киргизилди
Ал алдамчылыкка шектелүүдө
Бул кызматта бир күн иштеген Бишкектин экс-мэри 3-апрелге чейин Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилгенин Vesti.kg сайтына Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө кызматы 20-мартта Нургазиевге алдамчылыкка шектелген билдирүүнү тапшырганы такталган. Буга чейин экс-мэр алдамчылык аракеттерге тиешеси жоктугун айтып келген.
Эске салсак, Эрмек Нургазиев 2021-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал мэрлик кызматты ага президент Садыр Жапаров ишенип тапшырганын билдирген. Бирок ал жаңы кызматта төрт саат болгон. Талапкер төрт кылмыш иши боюнча айыпталуучу болуп чыккандыктан, анын талапкерлигине мамлекет башчысы каршы чыккан.
Кошумчалай кетсек, 2019-жылы тармакта Нургазиев жактоочу Ольга Новохастскаяны кантип бетке урганы тууралуу видео пайда болгон. Vesti.kg сайты менен болгон маекте ал зомбулук фактысын мойнуна алды.
«Ооба, бул чын эле видеодогу менмин», - деп ырастады Нургазиев. - Былтыр күз болчу. Видеодогу Ольга Новохатская аттуу аял элди алдаган, абакта отурган Максим Альяновдун адвокаты жана шериги. Турак-жай-курулуш кооперативин туздум, председатель болуп шайландым. Бул аял бардык сот иштерин үлүштүк ээлерге уттуруп жиберип, биздин жолугушууга чагымчылар менен келди. Сүйлөшүп калган учурлардын биринде ал мени бетиме чапты. Албетте, бул күтүүсүз болду, мен аны чаптым.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www