Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Кытайдагы учак кырсыгына байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Кытай элине ушул оор учурда туруктуулукту жана сабырдуулукту каалады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасына Гуанси-Чжуан автономдук районунун Учжоу шаардык округунун Тэнсянь уездинин Молан айылынын жанында Boeing 737 кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.

«Жүргүнчүлөр жана экипаждын курамы курман болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан авиакырсыкта каза болгондордун туугандары жана жакындары менен аза кайгысын тең бөлүшүп, аларга көңүл айтам.

Сизге жана Кытай элине ушул кыйын учурда кайраттуулук каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
2022-жыл 22-март

Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www
Узнать больше: https://vesti.kg/politika/item/97910-sadyr-zhaparov-vyrazil-soboleznovaniya-si-tszinpinyu-v-svyazi-s-krusheniem-samoleta-v-kitae.html - Садыр Жапаров выразил соболезнования Си Цзиньпиню в связи с крушением самолета в Китае - VESTI.KG - Новости Кыргызстана

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх