Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жеенбеков: Алар Next телеканалын экстремисттик деп тааныгысы келип жатат

Саясатчы телеканалдын иши боюнча сот жабык эшик артында өтүү чечими кабыл алынганына нааразы

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next телеканалынын кызматкерлерине карата соттук отурум өттү.

Буга чейин телеканалдын юристтери кеңсесин пайдаланууга уруксат сурап арыз жазып, мөөр басылган. Бирок Фемида өкүлдөрү өтүнүчтү канааттандырбастан калтырышкан.

Ал арада телеканалдын ээси, саясатчы Равшан Жеенбеков Vesti.kg сайтына судья Бердимуратов саясий заказ аткарып жатканын билдирди.

- Бул соттун келесоо жана мыйзамсыз чечими, - деди Жээнбеков. -Сот Бердимуратов саясий заказ аткарып жатат деп ишенем. Бизди кеңсеге киргизбей жатышат. Радио жана телеберүүлөр өчүрүлгөн. Айтор, журналисттердин буюмдары, дарылары аларда калат. Биздин өтүнүчүбүз жоопсуз калды.

Мындан тышкары, Жээнбеков УКМКнын процессти жабуу өтүнүчүнө нааразы.

«УКМКнын тергөөчүсү сотту жабык өткөрүүнү суранды», - деп түшүндүрдү ал. - Бул мыйзамсыз, анткени ал жерде эч кандай сыр жок. Мындан тышкары, тергөөчүлөр Next телеканалын экстремисттик деп таануу өтүнүчү менен кат алып келишкен. Башкача айтканда, биз азыр экстремист болуп баратабыз.

Эске салсак, ушул жылдын 3-мартында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Next телеканалына «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Буга Казакстандын УКМКсынын экс-жетекчиси Алнур Мусаевдин Instagram баракчасына Кыргызстан менен Тажикстан Украинага өз аскерлерин жөнөтүүгө даяр имиш деген жарыясы себеп болгон.

Телеканалдын журналисттерин суракка чакыруу уланып, Next телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев 3-майга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалды.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх