Аэрофлот Москва-Бишкек-Москва каттамын кайрадан ишке киргизди
Рейстер күнүнө эки жолу аткарылат
22-марттан тарта орусиялык ири Аэрофлот авиакомпаниясы Москва-Бишкек-Москва аба каттамдарын калыбына келтирди. Рейстер күнүнө эки жолу: эртең менен жана түштөн кийин аткарылат.
«Манас» аэропортунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Алия Курбанова Vesti.kg сайтына берген маегинде орусиялык авиакомпания Москва-Бишкек-Москва каттамын кайра баштаганын ырастады.
«Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Бишкек-Москва каттамын жандантты», - деди Курбанова. -Буга чейин бизге белгисиз себептерден улам аба каттамдарын токтотушса, мындан ары аба каттамдары күнүнө эки жолу – бири эртең менен, экинчиси түштөн кийин аткарылууда.
Ислам Жолдошов
сүрөт www