Кыргызстанда кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык кеңеш түзүлөт
ИИМ кылмыштуулуктун алдын алуу жагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат
«Кылмыштуулуктун алдын алуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы ведомстволор аралык жумушчу топ менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 15 токтомунун 2022-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө”долбоорун иштеп чыгууну аяктады.
2022-2028-жылдарга укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын концепциясы профилактикалык иштердин артыкчылыктарынын жана принциптеринин тутуму болуп саналат жана кылмыштуулуктун алдын алуу системасын өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, формаларын жана ыкмаларын карайт.
Кылмыштуулуктун алдын алуунун эффективдүү стратегиялары өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн чыңдоого өбөлгө түзөт. Кылмыштуулуктун алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын максаты жарандарды коргоонун деңгээлин жогорулатууга, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, кылмыштуулуктун алдын алууга көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды аныктоого жана жоюуга багытталган улуттук жана жергиликтүү деңгээлде укук бузуулардын алдын алуунун натыйжалуу системасын түзүү болуп саналат.
Учурда “2022-2028-жылдарга кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү тууралуу” министрлер кабинетинин токтомунун долбоору президенттик аппараттын кароосуна жөнөтүлдү.
Ошону менен бирге, Министрлер Кабинетинин бул токтомунун долбоору кабыл алынгандан кийин кийинки этап укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык кеңешти түзүү болорун белгилейбиз.
ИИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www