Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бизнес-акыйкатчы муниципалдык ишкана менен түзгөн келишими боюнча ишкерге 3,5 миллион сом алууга жардам берди

Робин Орд-Смит ишкерлерге төлөмдүн так шарттары жок келишимдерге кол койбоону кеңеш кылат

2021-жылдын апрель-сентябрь айларында «Вокко» ЖЧКсы муниципалдык ишкана менен жол белгилерин коюу үчүн товарларды жеткирүү боюнча бир нече келишимдерге кол койгон. Бирок товар жеткирилгенден кийин муниципалдык ишканадан төлөм түшпөй, декабрь айында ишкананын жетекчиси бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смитке арыз менен кайрылган.

Бизнес-акыйкатчы арызды кароого кабыл алып, ишкердин укугу бузулганын аныктады. Бизнес-акыйкатчы катчылыгынын кызматкерлери арызды чечүү процессин баштап, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында муниципалдык ишкана 3,5 миллион сом өлчөмүндөгү карызды толугу менен төлөп берген.

2020-2021-жылдары мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле бюджеттик сектордун ишканалары менен түзүлгөн келишимдер боюнча төлөмдөрдүн жоктугуна карата даттануулар бизнес-акыйкатчыга түшкөн арыздардын 10 пайызын түзөт. Мурда каралган арыздардын негизинде бизнес-омбудсмен мамлекеттик сатып алуулардын алкагында товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө боюнча финансылык милдеттенмелердин аткарылбай калуу көйгөйүн системалуу деп аныктады.

«Көбүнчө мындай контракттарда төлөм шарттарына тиешелүү пункттарда «каржыланган» деген стандарттуу сөз колдонулат. Ошол эле учурда чарба жүргүзүүчү субъектилердин талап кылынган сумма мамлекеттик бюджеттен каржыланганын тактоого мүмкүнчүлүгү жок. Келишимдерде эсептешүү мөөнөттөрү көрсөтүлгөн болсо, бул мөөнөттөр сакталбайт, ал эми чарба жүргүзүүчү субъекттер өз милдеттенмелерин аткарышат. Мындай учурларда берүүчүлөр/подрядчылар менен түзүлгөн келишимдер боюнча төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө карата Жарандык кодекстин жана “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптары гана сакталбастан, бизнес өкүлдөрү үчүн коррупциялык тобокелдиктер жана белгисиздик тобокелдиктери да түзүлөт.

Берүүчүлөр жана подрядчылар менен келишимдерди түзүүдө мамлекеттик органдар банктык же календардык күндөрдө сый акы төлөөнүн конкреттүү шарттарын көрсөтүүгө милдеттүү. Өз кезегинде, ишкерлер так төлөө шарттары жок келишимдерге кол койбошу керек ", - деп сунуштайт Орд-Смит.

Бизнес-омбудсмен - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы No647 токтомунун негизинде ишкерлердин жана чарбакер субъекттердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам. Сиз бизнес-акыйкатчыга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бюджеттик сектордун ишканаларынын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине, чечимдерине) кеңеш сурап, даттануу менен кайрылсаңыз болот: www.boi.kg сайты, aryz@ электрондук дареги боюнча. boi.kg жана 0 (222) 911-330 телефонуна чалыңыз.

Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх