Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда камактагы аялдарга юридикалык жардам көрсөтүүнүн алгачкы жыйынтыктары

Карыганына байланыштуу колониядан бошотулган аял «Астерия» коомдук фондунда болгон, анткени анын жеке турак жайы жана жакындары жок болчу

Бошотулган Роза Сало карылар үйүнө дайындалып, ага документтерди калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүлүп жатат.

2022-жылдын 10-февралында Юстиция министрлиги тарабынан башталган пилоттук долбоордун алкагында, ошондой эле Жазык-аткаруу мыйзамдарды гумандаштыруу үчүн МКЮЖ системасынын юристтери №2 аялдардын түзөтүү колониясына камактагы аялдарга юридикалык жардам берилди.

Бир күндө 60 иш каралып, анда 41 иш боюнча жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар экени аныкталды.

Жардам сурагандардын арасында Роза Сало да кайрылган, анын ишин жактоочу Жээнбек Абджигулов колго алган.

Жактоочунун өтүнүчү боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун 2022-жылдын 15-февралындагы чечими менен 1 жыл 5 ай 25 күндүк жазанын калган мөөнөтүн өтөөдөн шарттуу түрдө бошотулган.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мезгилде 9 ыраазычылыкка ээ болуп, администрация аны оң сыпаттап, оңдоо жолуна түшкөнү аныкталган.

Жашы улгайып калганына байланыштуу Роза Сало бошотулган күндөн тартып убактылуу жашоо үчүн «Астерия» Коомдук фондунда болгон. Анын жеке турак жайы жана жардам сурап кайрыла турган жакындары жок. Мындан тышкары Роза Сало өздүгүн тастыктаган бардык документтерин жоготуп, кайра калыбына келтире алган эмес, анткени ал каттоого турган туруктуу жашаган жери жок.

Министрдин орун басары Орозбек Сыдыковдын жардамы менен 2022-жылдын 16-мартында Роза Сало карылар үйүнө жайгаштырылып, бүгүнкү күндө документтерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Юстиция министрлиги №2 колониядагы соттолгон аялдарга юридикалык кеп-кеңештерди берүүнү улантат жана башка колонияларга да баруу пландаштырылууда. 

КРнын юстиция министрлигинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх