Алмазбек Атамбаев сотто ооруп калып, тез жардам чакырышкан
Экс-президент дарыгерлердин корутундусуна карабай, күч менен Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна күч менен алынып келинди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, коштоо кызматынын башчысы Алмазбек Атамбаев ооруп калганын судьяга жаңы эле билдиргендиктен, сотко тез жардам кызматын чакыруу чечимине келишкен.
Ал ортодо, буга чейин 47-колониянын дарыгери судьяга Атамбаевдин ден соолугунун абалы боюнча отчет берип, анда мурдагы мамлекет башчынын кармалышына жана соттук отурумдарга катышуусуна тоскоол болгон катуу оорулары бар экенин билдирген.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге жана экс-президенттик аппарат Фарид Ниязовго карата бир катар кылмыш иштери козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта массалык баш аламандык уюштуруу жана 2020-жылдын октябрь окуясында массалык башаламандык уюштуруу .
Элдос Казыбеков
Сүрөт www