Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Кайрадан түзүлгөн энергетикалык компаниялар жапырт чыгымга батып, жамааттык банкротко учурайт

Расул Умбеталиев энергокомпанияларды ыктыярдуу-милдеттүү түрдө кайра түзүү банкротко гана алып келет деп эсептейт

Эртең акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу өтүп, анда энергетика тармагындагы ишканаларды кайра түзүү маселеси чечилет.

Ал арада энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев кирешелүү ишканалар менен рентабелдүү эмес ишканалардын биригиши жамааттык банкротко алып келет деп эсептейт.

«Реорганизация энергетика тармагындагы компаниялар оор шарттарда жашай алышы үчүн жаңыланууну билдирет», - деди Умбеталиев Vesti.kg сайтына берген маегинде. — Бирок рентабелдүү энергокомпаниялар рентабелдүү эместерге ыктыярдуу-милдеттүү түрдө кошулганда, бул бардык кайра түзүлгөн ишканалардын рентабелсиздигине гана алып келет. Мисалы, «Бишкектеплосеть» ААКсы 2017-2021-жылдардын жыйынтыгын карасаңыз, ар бир жылды киреше менен бүтүргөн. Эми ал жыл сайын миллиарддаган доллар зыян тартып жаткан «Электр станциялары» ААКга кошулуп жатат. Миллиарддаган жоготуулар менен Улуттук энергохолдингге кошулуп жаткан «Түндүк электр» ААКсында да абал ушундай. Мындай ыкма менен кайра түзүлгөн компаниялар чыгымга батып, жамааттык банкротко учурайт.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх