«Атамбаевди суукта футболкачан сотко алып келишти». Экс-президент сот процессине катыша алган жок
Экс-президент колонияга кайтарылган, дарыгерлерде керектүү дары-дармектер болгон эмес
Экс-президент Алмазбек Атамбаев сот отурумуна катыша алган жок. Анын абалы начарлап кеткенине байланыштуу конвой экс-өлкө башчыны колонияга кайтарды.
Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев журналисттерге билдиргендей, сот имаратына келген дарыгерлердин жанында анын кардарынын абалын жакшырта турган дары болгон эмес.
«Алмазбек Шаршеновичти колонияда футболка менен суукта чыгарып, андан соң күзөтчүлөргө өткөрүп беришкен. Ал ооруп калды. Дарыгерлерди коштоочулар өздөрү чакырышкан. Менимче, алар жоопкерчиликтен ушундай жол менен кутулууну каалашты. Натыйжада менин кардарымды колонияга жөнөтүштү», - деди ал.
Жоошев кошумчалагандай, прокурордун колунда мурдагы президент ден соолугуна байланыштуу колонияда боло албайт жана соттук отурумдарга катыша албайт деген медициналык корутундусу бар.
«Бирок бул документтерге көңүл бурулбай жатат», - деп жыйынтыктады адвокат.
Эске сала кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтына Алмазбек Атамбаев кийинки соттук отурум баштала электе ооруп калганы маалымдалган. Ага тез жардам чакырылган.
Сүрөт www