Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан өзүнүн аскер кызматкерлерин Пакистанга окууга жөнөтүүгө кызыкдар

ТИМ Руслан Казакбаев Пакистан армиясынын башкы штабынын башчысы генерал Камар Джавед Бажва менен жолугушту

Бир күн мурун, 22-мартта Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 48-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Пакистан армиясынын штабынын начальниги генерал Камар Джавед Бажванын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
 
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулап, терроризм, экстремизм жана анын башка көрүнүштөрү сыяктуу заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгына өзгөчө басым жасашты.
 
Казакбаев пакистандык тарапка Кыргызстандын аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл буруп жаткандыгы тууралуу маалымат берди жана буга байланыштуу Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы эки өлкө жана Пакистандын аскердик академияларында билим алуу үчүн Пакистанга кыргызстандык аскер кызматкерлерин жөнөтүү, кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
 
Өз кезегинде Бажва аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында кыргыз тарап менен мындан ары да натыйжалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх