Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Тоо конушунда короолорду суу каптады. Район башчысы келди(сүрөт)

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу атайын техникаларды тартууга акимиат жардам берди

Ала-Тоо конушунда короолорду суу каптады. Окуя болгон жерге Ленин районунун акими Русланбек Тагаев келип, маселени жеке көзөмөлүнө алды.



Аба ырайынан улам Улук-Тоо көчөсүндөгү үйлөрдүн короолорун жана жер төлөлөрүн суу каптаган.



Тагаев Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен бирдикте үйлөрдүн абалын көрүп чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу атайын техникаларды тартууга акимиат жардам берди.

Жыйынтыгында 5 унаа суу чыгарылып, турак жайлардан сууну буруу үчүн арыктар казылды.

Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх