Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдил Сегизбаевге рак диагнозу коюлган. Адвокаттар аны камактан бошотууну суранышууда

Жакынкы арада УКМКнын экс-жетекчисинин жактоочусу тиешелүү арыз менен кайрылат

УКМКнын СИЗОсунда жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев онкологиялык ооруга чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, эки жумадай мурун Сегизбаев дагы бир медициналык текшерүүдөн өтүп, анда калкан безинин рагы аныкталган.

- Сегизбаев мамлекеттик медициналык мекемеде текшерилип, анда калкан безинин рагы, стенокардия оорусу аныкталган, - деп түшүндүрдү Абакиров. Ал камакта болбошу керек.

Бирок жактоочу анын кардарында шишик кайсы стадиясында табылганын тактабай, медициналык кызматкерлер да мындай маалымат бар экенин кошумчалады.

Мындан тышкары Абакиров жакын арада Сегизбаевди камактан бошотуу талабы менен кайрылуу жолдой турганын кошумчалады.

Эске салсак, Абдил Сегизбаев 25-январда "Белизгейт" иши боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттерге барган фактысы боюнча кармалган. Ага карата эки кылмыш иши козголгону айтылды.

Кийинчерээк башкы прокурор Курманкул Зулушев интернеттеги баракчасына Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун билдирди.

Сегизбаев бир нече жолу мамлекеттин биринчи инсандары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди кескин сындап чыккан.

Элдос Казыбеков

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх