Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын делегациясы менен жолугушту

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ЕКПА делегациясы менен демократия, адам укуктары, мыйзамдуулук жана парламентаризм жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Франция Республикасынын Улуттук жыйынынын депутаты жана ЕКПА Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин баяндамачысы Жак Мэр башында турган Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары ЕКПА делегациясы менен ЕКПА – Кыргыз Республикасы демократия үчүн өнөктөштүгү алкагында демократия, адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү жана парламентаризм жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Эдил Байсалов ошондой эле ЕКПА делегациясына өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий жана социалдык-экономикалык реформалар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде делегациянын башчысы Жак Мэр демократия үчүн өнөктөштүктү толук кандуу ишке ашыруу максатында ЕКПА Кыргыз Республикасы менен кызматташууга даяр экенин ырастады.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх