Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамкурулуш: 2021-жылы республикалык бюджеттен 367 объекттин курулушу жана капиталдык ремонту каржыланды

Жылдын жыйынтыгы боюнча 109 объект бүткөрүлдү (85 курулуш объекти жана 24 капиталдык оңдоо объекти)

2021-жылы республикалык бюджеттен 367 объектинин курулушуна жана капиталдык ремонтуна 2 миллиард 749 миллион 400 миң сом каржыланган. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


 
Жылдын аягында 109 объект (85 курулуш объектиси жана 24 капиталдык оңдоо объектиси) бүткөрүлдү. Бул мектептер, бала бакчалар, ооруканалар жана ФАПтар, маданият үйлөрү, театрлар, спорт комплекстери, стадиондор жана башка социалдык-маданий имараттар.


 
«Бирдиктүү заказчы» катары иш алып барган учурдан бери республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен 862 социалдык-маданий объектилер бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген, анын ичинен 721 курулуш объектилери жана 141 капиталдык оңдоо иштери. Белгилей кетсек, бул объектилердин жалпы баасы 30 миллиард 995 миллион 900 миң сомду түзөт.
 
Мамкурулуштун басма сөз кызматы
Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматынын фотосу

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх